Чоң-Алайда бийик тоолуу шартта жүгөрү өстүрүлүп, түшүм алынды

Аймак 25 сентябрь 2026 14:40
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.43 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.44 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.45 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-25 at 13.28.45.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Чоң-Алай районунда жүгөрү алгачкы жолу 3000 метрге чейинки бийик тоолуу шартта пилоттук негизде өстүрүлүп, гектарынан 30–75 тоннага чейин силос алынды.

Суу ресурстары, айыл чраба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, эксперимент тоют базасын чыңдоо жана тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы түрлөрүн жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу максатында 3,5 гектар жерге жүргүзүлгөн.

Анда Германияда селекцияланган KWS КАШМИР (ФАО 390) гибриддик жүгөрүсү сыналган. Жүгөрү үч бийик зонада өстүрүлүп, 3000 метрде гектарынан орточо 30 тонна, 2600-2700 метрде 50-75 тонна, 2300 метрде 50 тоннага чейин силос алынган.

"Алынган жыйынтыктар райондун ар түрдүү бийиктик зоналарында жүгөрү өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жана фермерлерге ылайыктуу сортторду сунуштоого негиз түзөт",- деп айтылат маалыматта.