Чүйдө унаа менен жайыттарды тебелегендерге 93 миң сом айып салынды

Укук тартиби 25 май 2026 08:55
706337707_978927881427008_4588075165000351243_n.jpg
703658616_978927918093671_2102453281951193273_n.jpg
704228461_978927828093680_4738981233418211067_n.jpg
706318191_978927931427003_4697240296696296834_n.jpg
706489938_978927808093682_6021620060976992594_n.jpg
706559712_978927871427009_3887707959547033404_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экологиялык көзөмөл кызматы

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында унаалар жана эндуро мотоциклдер менен жашыл аймактарды тепселеп, жаратылышка зыян келтиргендерге каршы рейд өткөрүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында жаратылышка зыян келтирген айдоочуларга карата 17 протокол түзүлдү.

"Мыйзам бузуучуларга жалпысынан 93 миң 500 сом айып пул салынды. Ал эми жашыл аймакка мыйзамсыз кирген унаалар чыгарылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул иш-чара министрлер кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын колдонууну чектөө жөнүндө токтомунун алкагында аткарылууда. Мындай рейддер учурда өлкө боюнча туруктуу негизде өтүп жатат.