"Мерген Fest 2026": Чүйдө этникалык аңчылык фестивалы өтөт

Коом 18 сентябрь 2026 14:35
"Мерген Fest 2026": Чүйдө этникалык аңчылык фестивалы өтөт
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Чүй облусунун Чүй районундагы Совет айылында 3-октябрда III этникалык аңчылык жана улуттук оюндар фестивалы — “Мерген Fest 2026” өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз кумайык федерациясынын жетекчиси Таалай Шүкүров билдирди.

Анын айтымында, фестиваль мергенчилик мезгилинин ачылышына карата жыл сайын уюштурулуп келет. Иш-чарага чет өлкөлөрдөн да катышуучулар келип, өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Иш-чаранын алкагында тайгандардын жарышы, бүркүт жана алгыр куштар менен аңчылык өнөрүн көрсөтүү, жаа атуу боюнча мелдештер уюштурулат. Ошондой эле катышуучулар көк бөрү, кыз куумай сыяктуу улуттук оюндарга күбө боло алышат.

Мындан тышкары, концерттик программа, мастер-класстар, кол өнөрчүлүк жарманкеси, улуттук тамак-аштар жана башка оюн-зооктор уюштурулат.