Чүйдө энергетиктерге заманбап атайын техникалар берилди

Аймак 16 Июнь 2026 12:00
723988319_18013543475904688_5828043466985206939_n.jpg
722407684_18013543520904688_4821566297688285_n.jpg
722469372_18013543493904688_2857815334699663729_n.jpg
724045529_18013543484904688_4624886699687429246_n.jpg
725133044_18013543511904688_1098445867174843412_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Чүй ЭТИ

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Тармакты модернизациялоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо программасынын алкагында энергетиктерге 5 жаңы атайын техника тапшырылды.

Анын ичинде 25 метрлик FAW TIGER автокөтөргүчү жана SHANMON 388 экскаватор-жүктөгүчү - механизация жана автотранспорт кызматына берилди.

Курулуш-монтаждоо иштери жана көмөкчордондорду тейлөө кызматтары үчүн 3 заманбап ISUZU унаасы бөлүндү.

Белгиленгендей, автопарктын жаңыланышы электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатат. Эң башкысы - кышкысын же катуу шамалда жарык өчүп калса, авариялык-калыбына келтирүү иштерин бир топ тездетүүгө мүмкүндүк берет.