Бишкек, 15.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин иөрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облсундагы район, айыл өкмөт жетекчилери жана агроөнөр жай тармагында иш алып барган ишкерлер, дыйкан-фермерлерге жыйын өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында айыл чарбасы жаатындагы жеңилдетилген каржы булактары боюнча маалымат берилди.
Айтсак, жыл башында ишке кирген Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо долбоору, соода логистикалык борборлор, сактоо кампаларды курууга багытталган “Азия өнүктүрүү” банкынын каражаттары, ири мүйүздүү малга (уйлар) каралган жеңилдетилген кредиттер боюнча кеңири маалыматтар берилип, презентация уюштурулду.
Белгиленгендей, жолугушуу Бакыт Төрөбаев тарабынан демилгеленип, кызыкдар тараптарга маалымматтык багыттама болуп берүү максатын көздөйт.