Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын алдында залкар акындын эстелигине гүл чамбар коюу аземи өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада акындын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулуп, анын ”Ата Журт”, ”Замана“ ырлары көркөм окулду.
Мааракенин алкагында облустун ардактуу жарандары Бишкектеги тарыхый инсандардын эстеликтерине гүл коюу жөө жүрүшүн өткөрүштү.
Жүрүш Өчпөс оттон башталып, Алыкул Осмонов, Бүбүсара Бейшеналиева, Аалы Токомбаев жана Чолпонбай Базарбаевдин эстеликтеринде уланды.