Чүй облусунда 31 миң "акылдуу" эсептегич орнотулду

Аймак Загрузка... 17 Июнь 2025 14:32
WhatsApp_Image_2025_bcaDKKo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Жыл башынан бери энергетиктер тарабынан Чүй облусунда 31 миң "акылдуу" эсептегич орнотулду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Аламүдүн районуна - 7 282;
  • Ысык-Ата районуна - 5 136;
  • Чүй районуна - 6 360;
  • Сокулук районуна - 6 907;
  • Москва районуна - 5 315 "акылдуу" эсептегич орнотулду.

Белгиленгендей, быйылкы жылга Чүй облусу боюнча жалпы 114 миң акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Калган 83 миңи жыл аягына чейин орнотулуп бүтөт.

"Акылдуу" эсептегичтердин артыкчылыктары:

  • реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
  • электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт;
  • эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;
  • дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат.