Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Чүй облусунда инвестиция тартуу жана алар менен системдүү иш алып баруу үчүн ачык айкын механизмдер болгон эмес. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов облустук коллегияда билдирди.
Анын айтымында, облуста инвестициялар менен иштөө боюнча бирдиктүү саясат жок болгондуктан, аймакты өнүктүрүүнүн 6 негизги комплекстүү долбоорлорунун бири катары “Чүй инвестиция” долбоору кабыл алынды.
“Инвестиция тартуу жаатында Чүй облусунда бир топ көйгөйлөр бар экени баарыбызга белгилүү. Өзгөчө тартылган инвестициялар же келе турган инвесторлор менен иштөө боюнча бирдиктүү саясат жок экендиги жашыруун эмес. Инвестор тааныштары аркылуу же министирлик тараптан райондорго жиберилип, түшүнүктүү иш жүргүзүү маршруту жок болуп келген. Инвесторлорго жеткиликтүү долбоорлор жана тармактык сунуштар болгон эмес. Ошол үчүн бул долбоордун алкагында системдүү инвестициялык климатты түзүп берүүгө кадам жасайбыз”, - деди Осмонов.
Чүйгө инвестиция тартуудагы дагы бир чоң башаламандык катары заводдор менен өндүрүштүк объекттер турак жайлардын жанында, мектептерге жана бала бакчаларга жакын жайгашып, азык-түлүк өндүрүшү санитардык талапка туура келбеген жерлерде курулуп калгандыгы айтылды.
“Заводдордун турак жайлардын жанына салынышы экологиялык жактан өтө кооптуу жана келечекте экономикалык, социалдык жана экологиялык чоң көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Ошондуктан, 2026-жылдан баштап Чүй облусунда бардык жаңы объекттерди жайгаштырууда кластердик ыкма милдеттүү болуп саналат. Бул принцип – бизнес менен калктын ортосундагы мамилени жөнгө салууга, элдин ден соолугун коргоого жардам берет”, - деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн Чүй облустук администрациясында 2026-жылга карата иш-пландарды жана келечектүү долбоорлорду талкуулаган коллегия өтүп, анда облус жетекчиси аймакты системалуу жана комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган негизги 6 долбоорду атады.