Чүй облусу менен Шэньси провинциясынын кызматташтыгы артууда

Коом 940 14 Март 2025 09:42
484047493_17923963911025002_6520506429161401822_n.jpg
484168913_17923963965025002_6573736188371306408_n.jpg
484175329_17923963974025002_9214845101981596542_n.jpg
484218270_17923963893025002_5739435611570241001_n (1).jpg
484335346_17923963920025002_2343786650282260327_n.jpg
484410556_17923963902025002_4927001568501003711_n.jpg
484494007_17923963947025002_4195793904691181363_n.jpg
484612543_17923963929025002_4633963929970462900_n.jpg
484168913_17923963965025002_6573736188371306408_n — копия.jpg
483881928_17923963956025002_1181851160079096932_n — копия.jpg
484101227_17923963938025002_7248187640691494071_n — копия.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Кытайдын Шэньси провинциясынан келген делегациянын жетекчиси Син Шаньпин менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, маданий алакаларга, билим берүү демилгелерине жана айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулду.

Канат Жумагазиев Чүй облусу менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтык алгачкы жыйынтыктарын берип жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө аймакта биргелешкен ишканалар жана өндүрүш объектилери ийгиликтүү иштеп жатат, ал эми активдүү маданий алмашуулар элдер ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзүүдө.

Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири — билим берүү. Кытай тарап Чүй облусунун студенттерине Шэньси провинциясынын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн квоталарды бөлүп берүүдө. Ушуга байланыштуу квоталардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул кыргызстандык студенттерге жогорку сапаттагы билим алууга жана алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзмөк.

Кошумча ийгиликтүү багыттардын бири катары айыл чарба тармагындагы кызматташтык белгиленди. Тараптар тажрыйба алмашуу жана заманбап агротехнологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты. Бул Чүй облусундагы айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да өнөктөштүктү чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.