Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Кыргызстанда күн мурун кыш чилде чыкты. 8-январда түшкөн кычыраган чилде 40 күнгө созулду.
Чыкылдаган суук өзүнүн күчүн жоготуп, аяз акырындап чегинип, жазга жол бере баштады.
Кыргыз элинде "Өлбөгөн жанга жаз келет" деп коюшат эмеспи. Ошентип "кыштан аман-эсен, башыбыз түгөл чыктык", "жазга, көктөмгө кадам таштадык" деп каниет кылып, "жаздын бир күнү, бир жылга тете" дегендей жазга камылга көрүлөт.
Синоптиктердин божомолунда, эми абанын температурасы бир аз жогорулайт.
Айрым аймактарда кар аралаш жаан жаайт.