Чет өлкөлөрдө 3722 жаран өз добушун берди – ТИМ

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 13:10
WhatsApp Image 2025-11-30 at 12.56.58.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө 3722 жаран өз добушун берди. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки шайлоолордо чет өлкөлөрдөгү жарандардын шайлоо укугун камсыздоо үчүн 59 шайлоо тилкеси ачылса, бул ирет алардын саны 100гө жеткирилди.

“Россияда биздин көп жарандарыбыз болгондуктан, ал жакта жалпысынан 31 шаарда шайлоо тилкеси түзүлгөн. Ошондой эле Түркияда – 8, Казакстан – 8, Италия – 3 жана башка бир катар мамлекеттерде шайлоо тилкелери ачылган. Шайлоочулар добуш берүү процессине активдүү катышып жатат. Саат 12.30га карата 3722 шайлоочу добуш бергени белгилүү болду”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн саат сегизге карата айрым мамлекеттерде шайлоо тилкелери ачылган. Кээ бир өлкөлөрдө Бишкек убактысынан 14 саатка чейин кеч ачыла турган шайлоо тилкелери бар.