Чет өлкө лидерлери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин айт майрамы менен куттуктады

Президент Загрузка... 27 Май 2026 12:42
IMG_0815.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. Чет өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктаган телеграммалары келүүдө.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу

IMG_0814

“Исламды жакшылыктын, жаратмандыктын жана гармониянын дини катары даңазалаган Курман айт – мусулман коомчулугун тынчтыкка жана ынтымакка, өз ара түшүнүшүүгө жана биримдикке чакырган улуу майрам. Бүткүл ислам үммөтү үчүн кубанычтуу бул майрамда биздин руханий биримдигибиз жана ынтымагыбыз бекемделсин.

Сизге зор бакыт, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Ыйык Курман айт береке алып келсин!”, - деп айтылат телеграммада.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу

IMG_0817

“Сизге эң жакшы каалоолорумду билдирип, бүткүл мусулман дүйнөсү өзгөчө кубаныч жана чоң салтанат менен тосуп алган, ырайымдуулуктун, жакшылыктын жана берешендиктин майрамы катары эсептелген Курман айт менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Терең канааттануу менен белгилей кетким келет, акыркы жылдары биздин бекем саясий эркибиздин аркасында кылымдарды карыткан тарыхы бар элдерибиздин ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелери сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Өз ара ишенимге, сый-урматка, бири-бирибизди ар тараптан колдоого, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кеңири масштабдуу жана узак мөөнөттүү алакаларыбыз мындан ары да ырааттуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенем”, - деп айтылат телеграммада.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу

IMG_0818

“Кылымдар бою бул ыйык майрам биздин элдерди анын бийик руханий баалуулуктарын – гуманизмди, сооптуу жана пайдалуу иштерди жасоого, берешендикке, адилеттүүлүккө, муктаждарга жардам берүүгө жана өз ара колдоого үндөп келет.

Анын бийик руханий баалуулуктары мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана эки жактуу пайдалуу кызматташтыкты, сый-урмат жана ишенимди, тилектештикти жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем.

Ушул майрам күндөрү Сизге чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бейпилдик, бакубатчылык, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу

IMG_0819

“Ыймандуулукту жана кайрымдуулукту символдоштурган бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүн бириктирет. Жалпы руханий баалуулуктарга берилгендик мындан ары да элдерибиздин ортосундагы достукту жана тилектештикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин куттуктоосу

IMG_0820

“Өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан сизди жана боордош Кыргызстан элин бүткүл дүйнө мусулмандарынын руханий биримдигинин, тилектештигинин жана боордоштугунун символу болгон ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Орток улуттук-руханий баалуулуктар жана диний-маданий тамырлар менен байланышкан Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин бүгүнкү жогорку деңгээли канааттандырат.

Бекем достукка жана боордоштукка негизделген мамлекеттер аралык алакаларды жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо үчүн биргелешкен аракеттерди көрөбүз деп ишенем”, - деп айтылат телеграммада.