Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Россия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусь, Азербайжандын президенттери, Сауд Аравиянын падышасы президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиш майрамы менен куттукташты.
Куттуктоодо бул улуу күн адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу жана кандуу согушта жеңишке жеткен боордош элдердин жеңилбес эрки, бекемдиги жана биримдигинин түбөлүк символу, чыныгы баатырдык жана кайраттуулуктун белгиси болуп саналары айтылат.
Ошондой эле лидерлер согуштун жана ооруктун ардагерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кажыбас күч-кубат, Кыргызстанга тынчтык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалашты.