Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу. 3 айда 6 миңге жакын унаа катталды

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 12:21
371037_w750_h_r.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу кампаниясынын алкагында республика боюнча 5825 унаа каттоодон өттү.

Аймактар боюнча караганда:

  • Бишкек шаарында — 1404;
  • Ош шаарында — 337;
  • Баткен облусунда — 301;
  • Жалал-Абад облусунда— 807;
  • Нарын облусунда — 140;
  • Ош облусунда — 792;
  • Талас облусунда – 286;
  • Чүй облусунда – 1540;
  • Ысык-Көл облусунда – 218.

Кыймылдаткычынын кубаттуулугу боюнча:

  • 2000 куб метрге чейин — 3452 унаа
  • 2000 куб метрден ашык — 2373

Каттоо жолу боюнча:

  • Жекече берилген — 5133
  • Камакка алынган лоттордон берилген — 692

Эске салсак, мыйзамдаштыруу кампаниясы 2025-жылдын 1-апрелинде башталып, ушул жылдын 1-октябрына чейин уланат.

Ал 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга ташылып келген, бажылык тариздөөдөн өтпөгөн жана укук белгилөөчү документтери жок чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарын каттоого багытталган.