Чернявская Кыргызстанга гендердик теңдик үчүн ыраазычылык билдирди

Шайлоо Загрузка... 01 Декабрь 2025 13:03
WhatsApp Image 2025-12-01 at 13.02.44.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Кыргызстанда өткөн шайлоодо жагымдуу көрүнүш аялдардын активдүү катышуусу болду. Бул тууралуу Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын экология жана жаратылышты пайдалануу боюнча Туруктуу комиссиясынын төрайымы Жанна Чернявская билдирди.

Анын айтымында, бул жолку шайлоодо аялдар жөн гана катышкан жок. Алар шайлоо өнөктүгүнө толук аралашып, жогорку деңгээлдеги жарандык жоопкерчилик көрсөтүштү.

“Жогорку Кеңештин депутаты болуп бара жаткан ар бир аял талапкер өзүнүн милдетин жогорку деңгээлде аткарарына ишенем. Аялдар көйгөйлөрдү чечүүдө көбүнчө конструктивдүү ыкмаларды колдонушат. Мындай ыкмалар менен алар өлкөнүн өнүгүшүнө абдан жогорку деңгээлде салым кошушат. Ар бир шайлоо округунда аял талапкердин көрсөтүлүшүн жана алардын активдүүлүгүн камсыз кылган Кыргызстандын бийлигине ыраазычылыгымды билдирем. Бул кадам гендердик теңдикти өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт”,-деп белгиледи ал.