Чек ара маселеси. Депутаттын билдирүүлөрү элди бөлүп-жарууга алып келбейт

Саясат Загрузка... 10 Март 2025 17:38
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Султанбай Айжигитовдун Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу өзүнүн жеке пикири коомчулукту дүрбөтүп, эл арасында кайчы көз караштарды жаратып жиберди.

Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорун депутаттарга түшүндүрүп берген. Анда Султанбай Айжигитов чек ара маселеси боюнча комиссияга берген сунуштардын баары эске алыныптыр, чек ара туура такталганын айтып чыккан. Андан кийин эле 180 градуска бурулуп, башканы сүйлөп чыкты. Бул атайын жасалган провокациябы же популизмби? Учурдагы коомчулукта болуп жаткан сөздөргө саресеп салып көрсөң, депутаттын бул аракетинде провокация да жана куру популизм дагы бар.

Депутат келтирген бир катар дооматтар боюнча президент Садыр Жапаров өз оюн билдирип, Султанбай Айжигитовдун пикирин алмаштырып жибергенине таң калды.

“Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти деген суроо жаралат. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок, эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм”,- деди Садыр Жапаров.

Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арадагы бардык көйгөйлөрдү жакшы билип туруп, атайылап туура эмес сандарды көрсөткөн.

“Мисалы кечээги сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип губернатор болуп да иштеген.

Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык”,- деди президент.

Султанбай Айжигитовдун сөздөрү өлкөдөгү “ура-патриотторго” майдай жага берди. Бирок, көпчүлүк, анын арасында чек ара аймагында жашаган баткендиктер, чек ара маселеси чечилип жатканына сүйүнүштү. 34 жыл бою жүрөктү оорутуп келген көйгөйгө биротоло чекит коюлуп жатат. Албетте, мындай маселе дүйнөлүк мисалдарда деле жоготуусуз болбой келген. Эки тарап тең жер алмашууга мажбур болушат, өзгөчө чыр-чатак көп болгон, талаш жараткан аймактарда.

“Ал эми Достук айылы боюнча. Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык.

Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык,”- деди президент.

Садыр Жапаров өз сөзүндө тажик эли деле өз бийлигин сындап жатканын айтып өттү. Чек ара чечилип жатканда бир эле кызыкчылык болуш керек – бул тынчтыкты орнотуу. Ушундан улам, мурунку бийликтегилер, элдин сынынан коркуп чек ара маселесине көнүл бурган эмес. Ал эми, Султанбай Айжигитовго окшогон “патриоттор” өзүнө упай топтош үчүн, элдин башын айлантып келген. Учурдагы бийлик тескери, элдин сынына карабай бул маселеге биротоло чекит койгонго жасаган аракети мактоого татыктуу. Муну баары эле түшүнүп турат. Бирок, ар дайым бардык мамлекеттерде бийлик үчүн күрөш жүрүп келет, бул бийликтин аксиомасы, каршы чыккандар менен күрөшүү зарыл. Чек ара боюнча доомат келтирген депутат бирөөлөрдүн оюнунда оюнчук болушу мүмкүн. Мисалы, анын сөздөрү боюнча чек ара маселеси бир кесе чапкандай чечилбеш керек экен. Мындай сөздөрдү өз элине душмандык кылгандар гана айтат.

“Дагы бир сөзүнө көңүл бурдум. “Настоящий договор бессрочный, денонсации не подлежит деп туура эмес кылышкан” дейт. Бул кишинин ою боюнча ар жыл сайын кайрадан жер талашып, согушуп, атышып турушубуз керекпи?”- деген Садыр Жапаров.

Жыйынтыгында учурдагы бийлик эч нерсеге карабай чек араны түбөлүккө чечип, аймакта тынчтыкты орнотууга белсенди. 34 жыл чыр-чатак менен коштолуп, аскердик салгылашууга чейин жетип, согуш чыгуу коркунучуна жеткизген маселеге чекит коюлганы турат.

“Тарых бийлике эң бийик баа берет” деген Садыр Жапаровдун сөздөрүндө чындык бар экени талашсыз. Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду. Чек ара боюнча дагы айта турган көп сөздөр бар. Азырынча айтууга болбойт. Баары бүтсүн анан айтабыз. Ошондо биздин ишибизге тарых баа берет. 5 деген баа берилерине бөркүмдөй ишенем”,- дейт президент.

Албетте, тарых баарын өз ордуна коёт. Кыргыз бийлиги үчүн чек арадагы тынчтык баарынан маанилүү. Буга мисал катары Кыргызстандын учурда Өзбекстан менен болгон мамилесин айтсак болот.

Тажик тарап менен дагы сөзсүз соода-экономикалык байланыштарды келечекте өнүгөт. Кыргызстандын министирлер кабинетинин божомолдору боюнча 2030-жылга чейин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 500 млн. долларга жеткирүү боюнча бирдиктүү максатты белгилешиптир. Тынчтык болгон жерде өнүгүү болот.