Чек ара кызматынын аскер адамына карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби Загрузка... 14 Июль 2026 12:55
WhatsApp Image 2026-07-14 at 09.45.02.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер адамына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июлда Баткендин Лейлек районундагы чек ара курулуш иштери учурунда эки аскер кызматкеринин ортосунда пикир келишпестик орун алган.

Анын кесепетинен келишимдик негизде кызмат өтөгөн сержант С.у.Э. уставдык эрежелерди бузуп, ефрейтор С.Т.Д.нын сол жаагына уруп жиберген. Натыйжада анын жаагы сынып кеткен.

Бул факты боюнча, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан "Ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн алкагында сержант С. у Э. Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.

Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттик чек арага тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.