Чек ара аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Министрлер кабинети 3 июнь 2025 09:55
683d91fc649e5-thumb.jpg
683d91fbd13af-thumb.jpg
683d91fc1f022-thumb.jpg
683d91fc1f553-thumb.jpg
683d91fc649e5-thumb.jpg
683d923f98a30-thumb.jpg
683d923f98aeb-thumb.jpg
683d9244c0474-thumb.jpg
683d923886e6e-thumb.jpg
683d92388834b-thumb.jpg
Алдыга
Артка
683d91fc649e5-thumb.jpg
683d91fbd13af-thumb.jpg
683d91fc1f022-thumb.jpg
683d91fc1f553-thumb.jpg
683d91fc649e5-thumb.jpg
683d923f98a30-thumb.jpg
683d923f98aeb-thumb.jpg
683d9244c0474-thumb.jpg
683d923886e6e-thumb.jpg
683d92388834b-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин мамлекеттик сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда эрдик, туруктуулук жана каармандык көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогондугу үчүн чек ара аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

Андан соң төрага өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Өз ишине берилгендик жана жоопкерчилик менен ийгиликтерге жетишкен ар кыл кесиптердин жана тармактардын өкүлдөрү белгиленди.

"Ар бириңиздер өз эмгегиңиздер, эрдигиңиздер жана өлкөгө берилгендигиңиздер менен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Биз сиздердин жетишкендиктериңиздер менен сыймыктанабыз, кесипкөйлүк жана жан үрөп эмгектенгеңиздер үчүн ыраазыбыз. Бул сыйлыктар - мамлекет жана эл тарабынан ыраазычылык белгиси", - деп баса белгиледи минкаб башчысы.