Чакан жана орто бизнести каржылоо: Кыргызстан менен АИИБ жаңы келишим түздү

Министрлер кабинети Загрузка... 12 Февраль 2026 18:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. 

Алгач Адылбек Касымалиев Цзоу Цзяини Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, маанилүү кызматына ийгиликтерди каалады жана бул жолугушуу өнөктөштүктү кеңейтип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишеним билдирди. 

Минкаб төрагасы каржылык, фискалдык жана акча-кредиттик саясаттын натыйжасында, акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы негизги секторлорду өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү иш аракеттин жыйынтыгы менен оң динамиканы көрсөтүп жатканын белгилеп, акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн орточо темпи 10,2 пайызды түзгөнүн билдирди. 

Ошондой эле ал, 2025-жылы Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган 12 реформа ийгиликтүү жүзөгө ашырылганын, бул реформалар үстүбүздөгү жылдын 2–5-февралында Дубайда өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде эл аралык коомчулук тарабынан жогору бааланганын белгиледи. 

Жолугушууда энергетика тармагы да талкууланды. Адылбек Касымалиев "Камбар-Ата-1 ГЭСин" куруу долбоору кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана перспективаларды камтый турганына токтолду. 

Мындан тышкары, Кыргызстан үчүн негизги инфраструктуралык долбоорлордун бири – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун маанилүүлүгү белгилеген минкаб төрагасы айыл чарба, күн энергетика, чакан жана орто бизнести колдоо сыяктуу приоритеттүү тармактарда Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен мамлекеттик банктар ортосунда насыялоо линиясын түзүүнү сунуштады. 

Өз кезегинде Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяи Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүүсүн кубаттап, бул багытта салым кошуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы «Кыргызстанда чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржы рыногун өнүктүрүү» долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду.