Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. 24-май күнү Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын колдоого арналган ири күйөрмандар маршы өттү.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жүздөгөн күйөрмандар Үч улуттун кубогу мелдешинин беттештеринин алдында улуттук команданы колдоо үчүн биригишти.
Марштын катышуучулары темир жол вокзалынын жанында чогулуп, мамлекеттик желектерди, улуттук курама команданын атрибутикаларын, баннерлерди жана атайын ураандарды көтөрүп, борбор калаанын борбордук көчөлөрү аркылуу жүрүш жасашты. Иш-чаранын атмосферасы өзгөчө биримдикке, патриоттук маанайга жана футболдук энергияга бөлөндү. Бул акцияга жаштар, балалуу үй-бүлөлөр, активдүү күйөрмандар жана шаардын ар кайсы аймактарынын тургундары катышты.
Эске салсак, июнь айында Кыргызстандын улуттук курама командасы "Үч улуттун кубогу" эл аралык турнирине катышат.
Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Кыргызстан курама командасы Кенияга каршы, ал эми 9-июнунда Палестина курамасына каршы оюн өткөрөт. Беттештер Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо өтөт. Оюндардын башталышы — саат 18:30да.