Бюрократияны жоюу: Аймак элин жеринде тейлөө жакшырат

Маек Загрузка... 16 Апрель 2026 17:20
WhatsApp_Image_2025_d8MMuwa.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Аймактарда элге сапаттуу кызмат көрсөтүү, бюрократиялык башкаруудан жарандардын муктаждыктарына багытталган кесипкөй тейлөө моделине өтүү, региондордо дарыгерлерди жана мугалимдерди кармап калуу үчүн жер тилкелерин жана субсидияларды берүү, ошондой эле жергиликтүү башкарууда кадрдык саясатты өз алдынча жүргүзүү. Кыргызстандын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасын коомдук талкууга чыгарды.

Учурда Кыргызстан боюнча 230 айыл өкмөтү жана 34 шаар бар. Жалпы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 23 миңге жакын. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген муниципалдык кызматкерлердин саны 5295. Жергиликтүү бийликтер өз аймагындагы мектеп, китепкана сымал муниципалдык менчиктерди башкаруу, жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү, жол иштери, оңдоп-түзөө, таза суу менен камсыздоо, таштанды, коомдук транспорт, коомдук тартипке байланыштуу жергиликтүү маселелерди чечүүгө милдеттендирилген.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик кызматты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн программасынын долбоорунда жергиликтүү жамааттардын жоопкерчилиги жана милдеттери да каралып жатат. Мекеменин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Эсенбек Тогонбаев жаңы стратегия элди да өз аймагынын өнүгүүсүнө жана бакубат жашоосуна салым кошууга багыттай турганын билдирди.

WhatsApp Image 2026-04-16 at 10.05.18.jpeg

— Саламатсызбы, Эсенбек Алтымышевич! Кыргызстанда масштабдуу түрдө жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын натыйжасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердигине кандай таасир тийгизди?

— Дал ушул административдик-аймактык реформанын максаты айыл аймактарын ирилештирүү аркылуу алардын ресурстарын, бюджеттерин, кадрдык потенциалын консолидация кылып, башкарууну оптималдаштыруу болуп саналат. Айыл өкмөттөр бириккенде кызматкерлердин мыктылары тандалып алынат, бюджет ирилештирилгенде инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

Министрлер кабинетинин №81 тескемесине ылайык, айыл өкмөттөргө кызматкерлерди контракттык негизде алууга жол ачылды. Мисалы, 10 миңге чейин калкы бар айыл өкмөткө төрттөн кызматкер, 25 миңге чейин болсо алтыдан, 25 миңден жогору болсо сегизден кызматкер алса болот. Бул абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Муниципалдык кызматкерди жумушка алуунун өз процедуралары бар: квалификациялык талаптарга жооп бериши керек, тест тапшырып, аңгемелешүүдөн өткүчө убакыт узакка созулуп кетет. Ал эми келишимдик негиздегилер ыкчам дайындалып, курч маселелерди чечүүгө багытталат.

Ошондой эле административдик борборлордон тышкары айылдарга айыл башчы алууга жол берген токтом кабыл алынды. Ал айыл өкмөттүн кызматкери болуп эсептелет жана ар бир айылда эл менен тыгыз иштеген, көйгөйлөрдү эң биринчи биле турган, жашоочулардын суроо-талаптарына жооп берүүчү элге эң жакын звено болот. Айыл башчылар жогоруда айтылган келишимдик негизде алынат.

— Жер-жерлерде өз алдынча башкаруу органдарында иштеген адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат же башынан эле профессионалдар тандалып алынабы?

— Муниципалдык кызматкерлерге атайын квалификациялык талаптар бар. Биздин агенттик кадр саясатын жүргүзүү жаатында ар жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуп келет. Жыл сайын министрлер кабинетинин тескемеси менен мамлекеттик буйрутма бекитилет. Мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, анын эсебинен президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуулар жүргүзүлөт. 2025-жылы 8 жарым миңге жакын кызматчы окуудан өттү. Жыл сайын жергиликтүү органдар менен макулдашып, алардын суроо-талаптарын, муктаждыгын эске алуу менен пландар, курстар жана тематикалар бекитилет. Мыйзамдар, министрликтер менен иштешүү, юридикалык маселелер, башкаруу, менеджмент, экономика боюнча окуулар өтөт. Ошондой эле "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолунда белгиленген жарандардын башын бириктире турган идеялар, идеология боюнча да окуулар бар.

— Президент Садыр Жапаровдун Ош облусунун эли менен болгон жолугушууларында көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жергиликтүү органдар эле чечип койсо болмок деген сындар айтылууда. Сиз кандай пикирдесиз?

— Жергиликтүү маанидеги маселелерди айыл өкмөтү түздөн-түз өзү чечип, иштеши керек. Көйгөйдү чечүү жолдорун таап, издештириши зарыл. Айрым маселелер боюнча балким каражат жетишпей, аткара албай калышы мүмкүн. Инфраструктуралык объектилерди куруу, калыбына келтирүү, таза суу менен камсыздоо, жолдорду оңдоо өтө чоң каражаттарды талап кылат. Ошол себептен бул иштердин көпчүлүгү республикалык бюджеттен каржыланат. Биздин эң негизги приоритеттерибиз жол, мектеп жана бала бакча экенин президентибиз да белгиледи. Натыйжада республикалык бюджеттен капиталдык салымдар жергиликтүү деңгээлге жөнөтүлүп жатат. Нарын, Токмок, Балыкчы, Каракол шаарларына өтө чоң каражаттар бөлүнүп, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой иштер ар бир айыл өкмөтүнө да жетет.

— Аймактардын маселелерин чечүүдө жергиликтүү кеңештердин ролу туурасында айта кетсеңиз.

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги принциби жергиликтүү жамааттар, кеңештер жана өз алдынча башкаруу органдары аркылуу бийлик жүргүзүү. Жергиликтүү кеңештер элдин атынан сүйлөйт, алардын да мыйзам менен белгиленген ыйгарым укуктары бар. Айыл өкмөтүнүн бюджетин, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын бекитип беришет, аткарылышын көзөмөлдөшөт. Элден түшкөн суроо-талаптарды айыл өкмөтүнө жеткирип, талап коюшат.

— Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасын коомдук талкууга чыгарды. Жаңы стратегиянын өзгөчөлүгү эмнеде?

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине, ишине басым жасалды. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүү, жергиликтүү бюджетти толтуруу иштерин карап жатабыз. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, жергиликтүү жамааттын да жоопкерчилиги менен милдеттерин белгилөө зарыл. Жергиликтүү эл баарын айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттарына шылтап, өздөрү жашаган аймактын өнүгүп-өсүүсүнө салым кошпосо, туура эмес болуп калат. Алардын да айыл аймагы үчүн милдеттери бар. Мунун баары президенттин жарлыгы менен бекитилген "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолуна үндөш. Уңгу жол боюнча ар бир жарандын өзүнүн укуктары менен бирге жоопкерчилиги, милдети да бар экенин унутпашыбыз керек.

— Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз!