Бюрократиядан арылуу. Билим берүү, илим жана статистика тармагын реформалоо сунушталды

Министрлер кабинети Загрузка... 16 Апрель 2025 16:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик башкаруу системасын дебюрократиялаштырууга багытталган ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйыны өттү.

Жыйында мамлекеттик башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүн, анын ичинде билим берүү, илим, статистика жана ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнү камтыган чаралардын экинчи экинчи топтому сунушталды.

Билим берүү жана илим тармагында бюрократиялык процедураларды кескин кыскартуу менен, Илим жана аккредитация боюнча бирдиктүү департаментин түзүү сунушталды. Ошондой эле юриспруденция, экономика, менеджмент жана эл аралык мамилелер сыяктуу бир катар адистиктер боюнча сырттан окууга мораторий киргизүү сунушталып, бул чара коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатын көздөйт.

Мындан тышкары, санариптик дистанциялык билим берүүгө өтүү сунушталып, ал эми мугалимдердин отчёттук жүгү 75%га чейин кыскартылары белгиленди.

Маанилүү сунуштардын бири — чет өлкөлүк ЖОЖдордон алынган PhD даражаларын таануу тартибин жөнөкөйлөтүү. Тагыраагы, эгер диплом дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы 100 университеттин биринен алынган болсо, ал илимдин доктору даражасына, ал эми алдыңкы 200 университетке кирген ЖОЖдон алынган болсо — кандидаттык даражага барабар деп таанылат.

Ошондой эле Улуттук илимдер академиясын (УИА) реформалоо алкагында анын каржылык автономиясын кеңейтүү жана натыйжалуулук боюнча аудит жүргүзүү сунушталды.

Статистиканы өркүндөтүү максатында отчет формалары 257ден 137ге кыскартылып, “Түндүк” системасында буга чейин бар маалыматтарды кайра чогултууга тыюу салынат. Облустук статистика башкармалыктары жоюлуп, 2025-жылдын аягына чейин толук санариптик өз ара аракеттенүүгө өтүү пландалууда.

Мындан тышкары, ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн алкагында, мыйзамга негизделбеген же техникалык-усулдук мүнөздөгү, мыйзамга ылайык редакциясын тактоону талап кылган ыйгарым укуктар алынып салынат. Бул чаранын алкагында мамлекеттик органдарга 60тан ашык функция өткөрүлөт деп пландалууда.

Мамлекеттик органдын бардык үнөмдөөлөрү, анын ичинде штаттык кыскартуулар ошол органда калат. Бул каражат кызматкерлерге сый акы берүүгө жана эмгек шарттарын жакшыртууга жумшалат.

Жогорудагы чаралардан тышкары 1-топтогу майыптар үчүн кайра кароо мөөнөтүн 10 жылга, калган топтор үчүн 2 жана 5 жылга чейин узартуу сунушталды.

Отурумдун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев энергетика, транспорт жана коммуникациялар, социалдык коргоо жана миграция министрликтеринин орун басарларына бюрократизациялоо чараларын ишке ашырууга жетишерлик катышпаганы үчүн оозеки сын-пикир айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнө жүктөлөрүн белгилеп, мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти күчөтүүнү талап кылды.