Былтыр өлкөдө дыйканчылык жана мал өстүрүү боюнча бир катар окутуулар уюштурулган

Коом 04 Март 2025 11:45
WhatsApp Image 2025-03-04 at 08.21.08.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-04 at 08.21.04.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-04 at 08.21.08.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-04 at 08.21.04.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар агенттиги

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. 2024-жылы илим, билим жана тажрыйба алмашуу багыты боюнча дыйканчылык жана мал өстүрүү боюнча бир катар окутуулар уюштурулган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында айтылды.

Маалыматка ылайык, кыргыз дыйканчылык станцияларында 8 гектар жерге мөмө-жемиш жана жашылча питомниктери уюштурулуп, 80 багбан окутулган. Ошондой эле 80 жашылча өстүрүүчүгө көргөзмө талаасы уюштурулуп, алар 2 жолу окутуудан өткөн. Кара-Суу районундагы Кыргызстан пахтачылык станциясында жалпы аянты 70 гектар аянтта тамчылатып сугаруу системасы уюштурулуп, аймактагы дыйкандарга талаа семинарлары уюштурулган.

Ал эми мал чарбачылыгы боюнча 10 баалоочу жана 48 техник уруктандыруучу окутулуп, сертификаттарга ээ болушкан.