Былтыр Бишкекте жылытуу мезгилинде 385 тонна көмүр үнөмдөлдү

Коом Загрузка... 16 Апрель 2026 09:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. 2025-жылы “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы беш от казанына жылуулук насосторун орнотуп, натыйжада көмүр жагуу болжол менен 385 тоннага кыскартылды. Бул тууралуу Бишкек жылуулук электр борборунда жылытуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда айтылды.

Мэриянын маалыматында белгиленгендей, жыйында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү талкууланды.

Мэр Айбек Жунушалиев шаар жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөргөндүгүн айтты.

“Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын ЖЭБи өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн көрсөтүүдө. 2025–2026-жылдардагы жылытуу мезгилинде электр энергиясын өндүрүү пландалган көрсөткүчтөрдөн жана өткөн жылга салыштырмалуу кыйла жогору болду”, — деди мэр.

Мындан тышкары, шаар башчысы былтыр комплекстүү даярдык жана экологиялык саясаттын алкагында мурда иштебей турган түтүн газдарын тазалоо системасы ишке киргизилгенин өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле мурда күл сактоочу жайды тазалоого болжол менен 30 млн сом сарпталса, азыр Бишкек ЖЭБи кургак күлдү (салык менен кошо) тоннасына 2815 сомдон сатууда.