Былтыр Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 21 пайызга өскөн

Загрузка... 27 Февраль 2025 17:36
1669618119_14982417_125_0_1192_800_1920x0_80_0_0_19faf6f1440b16792ceb3e5ef5e6150a-1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. 2024-жылдын 12 айында Бишкек шаарында "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына 10 миң 270 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Бишкек шаардык прокуратурасынын укуктук статистика чөйрөсүндөгү көзөмөл бөлүмүнүн улук прокурору Миргүл Осконалиева билдиргендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 2 268 материалга, же 21,1%га көп. Өткөн жылы 8 миң факты катталган.

Анын ичинен Бишкек шаарынын ички иштер органдары тарабынан 1 912 протокол түзүлүп, 1 848 материал сотко жиберилген. Сотко жиберилген материалдын ичинен 392 укук бузуучулар коомдук иштерге тартылышып, 1 230 укук бузуучу камакка алынган, 3 адамга айып пул салынып, ал эми 223 протокол соттун өндүрүшүндө калган.

Катталган үй-бүлөлүк зомбулуктун ичинен 72 эркектерге карата, 1 840 аялдарга карата жасалган.