Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. 2025-жылы 4 600дөн ашык үй-бүлөгө ипотекалык батир берилди. Бул тууралуу бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, бул мурунку 4 жыл ичинде берилген турак жайлардын жалпы санынын жарымы десек болот.
"Баш-аягы 2021-жылдан тартып республика боюнча 9 250 үй-бүлө өз турак жайына ээ болду. Алар биринчи жолу өз ак өргөлөрүнө кирген жаш жубайлар, мындай мүмкүнчүлүктү ондогон жылдар бою күтүп келген дарыгерлер менен мугалимдер жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери", - деди мамлекет башчысы.