Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Быйыл Өзгөндө 5 мектеп жана 4 бала бакча ачылат. Бул тууралуу район акими Каныбек Апбасов президент Садыр Жапаровго Өзгөн районунун социалдык-экономикалык өнүгүү абалы менен тааныштырганда билдирди.
Акимдин айтымында, жаңы чакан жана орто ишканаларды ачуу да пландалууда.
"2025-жылы райондо социалдык жана инфраструктуралык багыттагы бир катар объекттер пайдаланууга берилген. Өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Муниципалдык башкарууну өнүктүрүүнүн алкагында бир нече муниципалдык ишканалар түзүлүп, алардын катарында кум-шагыл аралашмасын казып алуучу ишкана да бар", - деп айтты ал.