Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. 2024-жылдан тарта жылына 100 өнөр жай ишканасын ачуунун алкагында Ош облусунда 34 өнөр жай ишканасы ачылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, өнөр жай ишканаларынын ачылышы менен облуста жалпысынан 1700дөй жумуш орундары түзүлгөн.
“Быйыл дагы өлкө боюнча 100 өнөр жай ишканасын куруу пландалып, анын ичинде Ош шаарын кошкондо жалпы Ош облусу боюнча 18 өнөр жай ишканасы салынат. Өзүңүздөр билгендей, өнөр жай ишканаларынын жыл сайын көбөйүшү менен облустук бюджетке кошумча каражаттар түшкөндөн тышкары, жумуш орундары да пайда болуп, жергиликтүү элдин жашоо-турмушу жакшы жагына өзгөрөт”, — деди президент.
Алардын катарында көмүр кендери, кирпич заводдору, логистикалык борборлор, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар бар экендиги кошумчаланды.