Быйыл Нарында Түгөл-Суу суу сактагычы пайдаланууга берилет

Аймак 15 май 2025 15:48
495476667_1455737849170974_7829128582497814417_n.jpg
495700331_1455737709170988_3761614146238679151_n.jpg
493574620_1455738062504286_8307953677625529072_n.jpg
493719827_1455737762504316_1746291989733431428_n.jpg
493948872_1455737939170965_1634476731897727157_n.jpg
494623954_1455738032504289_2148447519464525731_n.jpg
495129349_1455737969170962_3673959736661370843_n.jpg
495570364_1455737725837653_1480628949576328196_n.jpg
496015003_1455737995837626_8210196067538825690_n.jpg
497462505_1455737789170980_5878605680245982153_n.jpg
497503561_1455738119170947_1112359808063154381_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек 15.05.2025 /Кабар/. Быйыл Нарын облусунун Жумгал районунда курулуп жаткан Түгөл-Суу күнүмдүк жөнгө салуучу бассейни (БСР) пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган суу сактагычтын курулуш иштери менен таанышты.

Буга чейин аймакта айдоо аянты көп болгондуктан суу тартыш болуп, вегетация маалында керектүү өлчөмдө суу менен камсыздоодо көйгөй жаралып келген. Бул көйгөйдү чечүү үчүн күз айларынан баштап жаз айларына чейинки жана суу кирген учурлардагы сууну кетирбей топтоп калуу максатында министрлик тарабынан БСР куруу мерчемделген. 

Курулуш иштери 2023-жылы башталган БСРди пайдаланууга берүү үстүбүздөгү жылдын декабрь айына пландалууда. 

Эгер БСР ишке кирсе 3 208 га сугат аянтына суу берүү жакшырат, 1602 га жаңы сугат жери өздөштүрүлөт. Натыйжада түшүмдүүлүк 2 эсе жогорулайт.

Мындан сырткары, Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Орто-Токой суу сактагычына барып, топтолгон суунун көлөмүн көрдү.

"Тиешелүү жетекчилерге вегетация мезгилинде жергиликтүү калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну тапшырды",-деп айтылат маалыматта.