Быйыл өлкөнүн агроөнөр жай тармагында 55 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө

Экономика Загрузка... 28 Февраль 2025 15:25
WhatsApp Image 2025-02-28 at 15.22.19.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Быйыл өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде 55 жаңы ишкана ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ишканалар министрликтин ар тараптуу колдоосу менен экспорттук инфраструктура жана кайра иштетүү өнөр жайы тармагында ачылат.

Аны каржылоо үчүн жалпысынан республикалык бюджеттен жана чет элдик инвестициялык каражаттарды тартуунун эсебинен 33 млрд 196 млн сом сарпталаары пландалган.

Алардын ичинен:

  • 13 соода-логистикалык борборлор жана кампалар;
  • 6 этти кайра иштетүү жаатындагы ишканалар;
  • 6 балык өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишкана;
  • 11 жашылча-жемиштерди кайра иштетүү ишкана;
  • 1 жер семирткичтерди чыгаруучу завод;
  • 1 тамеки заводу;
  • 4 данды кайра иштетүү жана кондитердик азыктарды өндүрүү ишканалары;
  • 3 жүндү жана пахтаны кайра иштетүүчү ишкана;
  • 3 май сыгуучу цех;
  • 5 сүттү кайра иштетүүчү ишкана;
  • 2 карантиндик фитосанитардык лаборатория.