Быйыл Кыргызстанда 1,7 млрд долларлык 128 өнөр жай объектиси ачылат

Экономика Загрузка... 14 Февраль 2025 18:36
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда 128 өнөр жай объектиси ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү жыйында ачыла турган объектилердин тизмеси аныкталып, аларды ишке киргизүү мөөнөтү талкууланды.

«Бир дагы объект көңүл сыртында калбашы үчүн алардын ар бирине жооптуу жетекчилер жана бөлүмдөр бекитилди», - деди ал.

Министр ошондой эле инвестициялык долбоорлордун алкагында 2024-жылы 800,8 миллион долларлык 102 өнөр жай объектиси ачылганын кошумчалады. 2025-жылы 1,7 миллиард долларлык 128 объектти ишке киргизүү пландалууда.

«Пландаштырылган жумуш орундарынын саны 15 миңге жетет. Ачылыштар бардык аймактарда болот. Мисалы, Нарын облусу боюнча жалпысынан 17 объект ишке киргизилет», - деп кошумчалады Сыдыков.