Быйыл Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү – Садыр Жапаров

Президент 10 октябрь 2026 21:02
Быйыл Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү – Садыр Жапаров

Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Быйыл Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун 100 жылдыгын белгилөө аземинде билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө Чүй облусу Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеген, мамлекеттүүлүктүн жана административдик-аймактык башкаруу системасынын калыптанышында чечүүчү роль ойногон стратегиялык маанидеги аймак болуп саналат.

  • “Облустун индустриалдык-агрардык потенциалы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана инфратүзүмдүк тармактарды өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт. Муну менен дээрлик бардык тармак боюнча мамлекетибиздин локомотиви десек жаңылышпайбыз.
Анын бир эле мисалы, берекелүү Чүй өрөөнү быйыл жалпы республика боюнча өндүрүштүн басымдуу үлүшүн берди. Ошого жараша регионду өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Мына быйыл Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү. Ал каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объекттер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылды”,-деди президент.