Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. 2025-жылы Бишкекте жалпы узундугу 42 чакырымды түзгөн 8 негизги жолду комплекстүү реконструкциялоо пландаштырылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев президент менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, “Манас” аэропортуна баруучу жол реконструкцияланып, буга катар төрт жаңы автожол, анын ичинде Жибек-Жолу проспектиси сыяктуу жол жана Аламүдүн дарыясынан өтүүчү үч көпүрө курулат.
Ал эми президент Садыр Жапаров шаардын дарыялары менен каналдарынын жээк тилкелерин жакшыртуу боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.
Ошондой эле жолугушууда мамлекет башчысы жол долбоорлорун ишке ашырууга 4,5 млрд сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлгөндүгү маалым болду.