Быйыл 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Билим Загрузка... 25 Май 2026 09:20
WhatsApp_Image_rljJJ4s.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Быйыл 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025–2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт.

Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт.