Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Бузурман Багышбеков Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Күн мурун Багышбеков агенттиктин эмгек жамаатына тааныштырылды.
Багышбеков Бузурман Кожомуратович 1987-жылдын 3-июлунда Талас облусунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү.
2016-жылы Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын “дене тарбия окутуучусу” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
2012 - 2015-жылдары - Талас шаардык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты;
2016 - 2017-жылдары - “Газпром” спорт комплексинин директору;
2017 - 2018-жылдары - “Газпром” спорт комплексинин директорунун орун басары;
2016 - 2020-жылдары - Талас шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты;
2021 - 2024-жылдары - Талас шаардык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаты;
2023-жылдан - бүгүнкү күнгө чейин - “Дельфин сууда сүзүү, заманбап беш таймаш, фехтование триатлон жана дзюдо боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-уландар мектеби” муниципиалдык мекемесинин директору болуп иштеп келген.