Бут кийимдин боосу менен муунтулган. Ысык-Атада изделип жаткан кыздын сөөгү табылды

Кырсык Загрузка... 26 Февраль 2025 15:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Чүй облусунун милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон кызды өлтүрүүгө шектүүнү кармашты.

Ведомстводон билдиришкендей, 19-февралда 1979-жылы туулган П.С аттуу аял милицияга кайрылып, 22 жаштагы кызы О.З. 18-февраль күнү Гидростроитель айылындагы үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.

Аталган факт РИИБге катталып, иликтөө иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө 17-февралдан 18-февралга караган түнү О.З менен А.Р. аттуу жаран мектептин аймагынан жолуккандыгы аныкталган. Алардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен А.Р. О.З.нын денесине залал келтирип, бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүрүп, натыйжада О.З. ошол жерден каза болгон.

А.Р жасаган кылмышын жашыруу максатында сөөктү талаага алып барып, көмүп койгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 2004-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.