Күйөөсүнө өчөшүп балдарын сабаган аял кармалды

Укук тартиби 3 декабрь 2025 21:00
Күйөөсүнө өчөшүп балдарын сабаган аял кармалды
copyright icon Чүй облустук милициясы

Бишкек, 03.12.25 /Кабар/. Сокулукта өз балдарын сабаган аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, 3-декабрда социалдык тармактарда болжол менен 30-35 жаштагы аял эки баланы үйдүн ичинде сабап жаткан видео тараган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал балдардын энеси - 1995-жылы туулган М.А. болуп чыкты. Ал эми жабыркаган балдар - 2016-жылы туулган М.А. жана 2018-жылы туулган М.М. болгон.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, окуя 2025-жылдын 26-ноябрында болгон. М.А. жолдошу менен үч айга жакын убакыттан бери урушуп жүргөндүктөн, андан өч алуу максатында балдарын сабаганы аныкталган.

Учурда М.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.