Бусурман Одуракаев Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 12 Январь 2026 15:20
WhatsApp Image 2026-01-12 at 15.09.55.jpeg

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Бусурман Одуракаев Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Анда белгиленгендей, Кинематографисттер союзунун 10-январда өткөрүлгөн XXIX съездинде жашыруун добуш берүү ыкмасы менен Бусурман Одуракаев Кыргызстан Кинематографисттер союзунун жаңы төрагасы болуп шайланган.

Белгилей кетсек, союзду буга чейин режиссер Таалайбек Кулмендеев жетектеп келген.