"Бурана мунарасы" музей комплексине жаңы директор дайындалды — Кабар

"Бурана мунарасы" музей комплексине жаңы директор дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 12 ноябрь 2025 14:19
581888501_1136105852014503_1458454356145490169_n.jpg
579906289_1136106158681139_5778297180366490719_n.jpg
581053150_1136105915347830_7861879800396525971_n.jpg
582075387_1136106088681146_5085707850227424255_n.jpg
Алдыга
Артка
581888501_1136105852014503_1458454356145490169_n.jpg
579906289_1136106158681139_5778297180366490719_n.jpg
581053150_1136105915347830_7861879800396525971_n.jpg
582075387_1136106088681146_5085707850227424255_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Токомбаева Толгонай Кедейхановна Республикалык археолого-архитектуралык "Бурана мунарасы" музей комплексинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка маданият министри Мирбек Мамбеталиев кол койду.

Буга чейин аталган музейдин директору Анита Шаменова өз калоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Жаңы жетекчини маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жалпы эмгек жамаатка тааныштырды.

Толгонай Токомбаева 1974-жылдын 20-ноябрында Токмок шаарында туулган. Жогорку билимди 2004-жылы Бишкек гуманитардык университетинде менеджмент адистиги боюнча алган.

Өзүнүн кесиптик жолун 1998-жылы "Бурана мунарасы" музейинде илимий кызматкер болуп баштаган.

Ал 2017-жылдан тартып ЮНЕСКО, USAID жана JICA сыяктуу эл аралык долбоорлордо активдүү катышкан, анын ичинде "Коридоры наследия Шелкового пути", "Защита башни Бурана от антропогенных и сейсмических угроз", "Говорящая керамика", "Аудиогид музея" долбоорлору бар.

Толгонай Токомбаева ошондой эле 2021-2024-жылдары Бурана айыл өкмөтүнүн депутаты болуп иштеген.