Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент Загрузка... 24 Июнь 2025 11:48
DST_7824.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү аркылуу коомдук жана ири ишканалардын субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын жоопкерчилигин жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын күчөтүүнү карайт:

– аудит жаатында эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү; карама-каршылыктарды, коллизияларды болтурбоо;

– бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы кенемтелерди жоюу.

Бул оңдоолор финансылык отчеттуулукту түзүүнү оптималдаштырууга жана мыйзамдарды Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына ыңгайлаштырууга багытталган.