Бүрсүгүнү Asman Airlines Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча техникалык каттам аткарат

Коом 14 март 2025 19:40
Бүрсүгүнү Asman Airlines Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча техникалык каттам аткарат

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Бүрсүгүнү Asman Airlines Бишкек-Худжанд-Бишкек багыты боюнча техникалык каттам аткарат. Бул тууралуу аталган мамлекеттик авиакомпаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрель айында Бишкек–Худжанд–Бишкек каттамын ачуу пландалууда.

Бул Кыргызстан менен Тажикстандын авиациялык байланышын кеңейтүүгө жана ташуу жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга маанилүү кадам болуп саналат.