Британиялык компания Кыргызстанда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод курат

Министрлер кабинети 1713 06 Февраль 2025 14:14
67a4554557e35-thumb.jpg
67a4554552f6e-thumb.jpg
67a4554743e9f-thumb.jpg
67a4554765f0d-thumb.jpg
67a455463619c-thumb.jpg
Алдыга
Артка
67a4554557e35-thumb.jpg
67a4554552f6e-thumb.jpg
67a4554743e9f-thumb.jpg
67a4554765f0d-thumb.jpg
67a455463619c-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын “Concrete canvas” компаниясынын ортосунда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюлду.  

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, заводдун пландаштырылган кубаттуулугу жылына кеминде 5 миллион м² ийилме бетон чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетет.

“Биз 100 тонна цементтин ордуна 5 тонна гана бул материалды колдоно алабыз, ошол эле учурда жогорку натыйжага жетишебиз, монтаждоо-реконструкциялоо ылдамдыгын бир топ жогорулатат. Бул технологияны колдонуу менен биз замандын талабына жооп берип жатабыз”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле бул долбоор “мамлекет менен бизнестин натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү” экенин белгиледи.

“Биз бул долбоор башка инвестициялык демилгелердин катализатору болуп каларына ишенебиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады минкаб төрагасы.  

Маалымат үчүн: Ийилме бетон плита – бул орнотууну тездетет, айлана-чөйрөгө терс таасирин азайта турган инновациялык материал.