Бразилиянын Кыргызстандагы элчиси Улуттук футбол академиясы менен таанышты

Спорт Загрузка... 24 Март 2025 17:03
WhatsApp Image 2025-03-24 at 17.01.12.jpeg
copyright icon КФС

Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Бүгүн Бразилиянын Кыргызстандагы элчиси Марсель Фортуна Биато Улуттук футбол академиясы менен таанышты.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, элчини аталган мекеменин Биринчи вице-президенти Нурдин Букуев менен уюмдун Башкы катчысы Медербек Сыдыков кабыл алган.

"Жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун жетекчилиги Марсель Фортуна Биатону футболдун өнүгүшү жөнүндө маалымат берип, академия менен тааныштырып чыгышкан",-деп айтылат маалыматта.