Бразилиялык блогер: Кыргызстанга биринчи жолу келип, абдан таасирлендим

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 15:35
Бразилиялык блогер: Кыргызстанга биринчи жолу келип, абдан таасирлендим

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Бразилиялык блогер Летисия Павеавинг Кыргызстанга биринчи жолу келип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуп жатат. Ал өлкөнүн маданияты жана улуттук оюндары чоң таасир калтырганын айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанга келгенден бери Бишкекте жана Ысык-Көлдө болуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мелдештерине күбө болгон.

“Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам. Бул жер мага абдан жакты. Бишкекте болдук, азыр Ысык-Көлдө жүрөбүз. Оюндарды көрүп, абдан кызыктуу таасир алып жатам”, — деди блогер.

Летисия Павеавинг инстаграм жана тикток социалдык тармактарындагы баракчаларында Кыргызстандагы сапары жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу видеолорду бөлүшүүдө.

Ал Бразилиядагы окурмандарынын оюндарга болгон кызыгуусу жогору экенин белгиледи.

“Бразилиялыктар бул оюндарды көрүп абдан таң калышты. Анткени алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу мурда билишчү эмес. Кыргызстан жөнүндө да дээрлик маалыматтары жок экен. Азыр болсо баары оюндарга абдан кызыгып, Кыргызстанга келип, кийинки оюндарга күбө болууну каалап жатышат. Силердин маданиятыңар аларга абдан жакты”, — деди Летисия Павеавинг.