Борбордогу кесиптик лицейде Ата Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара өттү

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 21 Февраль 2025 13:07
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы № 97 кесиптик лицейинде 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун кызматкерлери менен бирдикте “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген темада сынак өткөрүлдү.

Сынактын максаты окуучуларды мекенди коргоого, аны көздүн карегиндей сактоого тарбиялоо жана патриот , ар намыстуу өлкөнүн чыныгы атуулу болууга шыктандыруу.

Сынакка лицейдин окуучулары эң жогорку деңгээлде даярданып, төмөнкү үч бөлүк менен тапшырмаларды аткарышты:

  1. Патриоттук ырларды аткаруу менен марштан өтүү.
  2. Калашников куралын чачуу жана чогултуу.
  3. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү .

Ошондой эле окуучуларга Өзгөчө кырдаалар министирлигинин өкүлдөрү жарандык коргонуу боюнча атайын көргөзмө уюштурушту.

Анда өрт коопсуздугунан сактоо, биринчи медициналык жардам, экстремалдык абалдарда кандай атайын буюмдар колдоонууларын корсотулуп окуучуларга түшүндүрүлдү.

"Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө лицейдин Ардак грамоталары жана ӨКМ кызматкерлери менен лицейдин окуучулары концерттик программа тартуулашты",-деп айтылат маалыматта.