Борбор калаада үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрынан тарта жылуулук берүү башталган. Арадан бир жума өткөнүнө карабастан, шаар тургундары жылуулуктун сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча даттанууларын билдиришүүдө. Айрым тургундардын айтымында, батирлердин бир бөлмөсүндө гана жылуулук бар, кээ бирлеринде болсо таптакыр берилген эмес. Мындан тышкары, түтүктөрдүн жарылышы сыяктуу техникалык мүчүлүштүктөр да орун алууда.

Мындан улам Бишкек шаары жылытуу мезгилине толук даяр эмеспи? Жылуулук качан толук берилип бүтөт? деген сыяктуу суроолор жаралбай койбойт.

Буга байланыштуу "Кабар" агенттиги "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасына бир катар суроолорун узатты.
Аталган ишкананын башкы инженери Нурлан Кайдуевдин айтымында, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарында жалпысынан 142 миңден ашуун абонентке кызмат көрсөтөт. Эгер имараттар боюнча карай турган болсок, бул 5 миңден ашуун турак жай, мамлекеттик мекемелер жана башка объектилерди камтыйт. Мындай чоң көлөмдөгү тейлөөнү бир-эки күндө толук аткаруу мүмкүн эмес.
“Жалпысынан алганда, мекемелерге жана объектилерге жылуулук берүү 6-ноябрда аяктаган. Бирок, кээ бир түйүндөрдө радиаторлордун, түтүктөрдүн жарылышы сыяктуу техникалык мүчүлүштүктөр жаралышы мүмкүн. Мисалы, жылуулук берилгенден кийин айрым батирлерде эски радиаторлор жарылып калган учурлар кездешет. Мындай учурда жылуулук убактылуу токтотулуп, оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайра жандандырылат. Бул албетте, белгилүү бир убакытты талап кылат. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жашоочулар шаардан убактылуу чыгып кетип, батирлер бош калган учурлар болот. Жылуулук берүү учурунда система толук кандуу иштеши үчүн радиаторлордон абаны чыгаруу зарыл. Эгер үй ээсин табуу мүмкүн болбосо, жылуулуктун айланышы токтоп калат. Мындай учурда үй комитетинин башчылары аркылуу батир ээлерине байланышууга туура келет. Ушундай себептерден улам шаар боюнча жылуулуктун толук жана үзгүлтүксүз берилиши белгилүү убакытты талап кылууда”,-деп белгиледи ал.

Кайдуев белгилегендей, мындай учурлар, албетте, убакытты талап кылат. Ошентсе да, жарандардан келип түшкөн кайрылуулар боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Мисалы, айрым тургундар батиринде бир бөлмө жылыса, экинчи бөлмөдө жылуулук жок деп көп кайрылышууда. Эгерде бир бөлмөдө жылуулук болсо, бул батирге жалпы жылуулук берилгенин билдирет, жана мүчүлүштүк батирдин өзүнүн ички түтүк системасынан болушу мүмкүн.
“Мындай маселелерди чечүү үчүн Бишкектин төрт районунун ар биринде нөөмөттө турган инженерлер жерине чыгып, көйгөйлөрдү чечип жатышат. Ар бир кайрылуу биздин Call-борборго катталып, атайын базага киргизилет. Эгерде кайрылуу белгиленген убакытта чечилбесе, жооптуу кызматкерлерге карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Бишкек шаарында жалпысынан жылуулук берүү эки этап менен жүрөт. Биринчи этапта магистралдык түтүктөргө суу жүгүртүлүп, андан кийин социалдык объектилерге жылуулук берилет. Үй ичиндеги жылуулук системасына байланышкан мүчүлүштүктөр экинчи этапта каралат. Бул этап 6-ноябрдан тартып башталган. Жылуулук берилген алгачкы күндөрү 100дөн ашык кайрылуу түшкөн. Азыр бул көрсөткүч кыйла төмөндөп, күнүнө 30га жетпеген кайрылуулар келип жатат. Жогоруда айтылган көйгөйлөр ушул жуманын аягына чейин толук чечилет”,-деп белгиледи ал.

Муну менен катар, ал жай мезгилиндеги ысык суунун токтотулушунун негизги себептерин айтып берди.
“Кыш мезгилинде техникалык себептерден улам өчүрүлбөй турган жабдуулар бар. Ал жабдууларды жай мезгилинде гана өчүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бишкек ЖЭБ өзүнө тиешелүү жабдыктарды, ал эми “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы өз карамагыбыздагы жабдыктарды оңдойбуз. Жайында 40 күнгө ысык суу өчүрүлгөндө, эскилиги жеткен жабдууларды оңдоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Кыш мезгилинде келип чыккан көйгөйлөрдү жыл бою каттап, жайында аларды кезектеп оңдоп чыгабыз. Түтүктөрдү оңдогондон кийин сөзсүз түрдө гидравликалык сыноо жүргүзүлөт. Тактап айтканда, түтүккө жогорку басымдагы суу жиберилип, ал аркылуу эскирип, жешилип калган жерлер аныкталат. Бул эрежеде жазылган милдеттүү регламенттик текшерүү. Андан кийин табылган мүчүлүштүктөр алмаштырылат же оңдолот. Албетте, бул иштер белгилүү убакытты талап кылат. Ошентсе да эмнеге азыр мүчүлүштүктөр жаралып жатат деген суроо жаралбай койбойт. Бүгүнкү күндө жабдуулардын эскирүү деңгээли 69,2 пайызды түзүп жатат. 1990-жылдардан тарта 2000-жылдарга чейин, башкача айтканда, 10–15 жыл бою жаңылоо жана алмаштыруу иштери дээрлик жүргүзүлбөптүр.

Акыркы 3–4 жылда гана бул жаатта иштер жанданып, белгилүү бир темпке келдик. Негизги магистралдык түтүктөрдүн жалпы узундугу 480 чакырымга жакын. Эгер биз жыл сайын 20–25 чакырым түтүктү жаңылап турсак, системаны толугу менен алмаштыруу мүмкүн болмок. Бирок, каржылык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу азырынча жылына 7–10 чакырым гана жаңыланып жатат. Ошол эле темп менен улантсак, көйгөйлөр акырындык менен чечилет деп ойлойм”,-деди ал.