Борбор калаада Жол тар көчөсүн оңдоо иштери аяктады

Коом 580 19 Ноябрь 2025 17:44
WhatsApp Image 2025-11-19 at 13.37.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-19 at 13.37.22.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-19 at 13.37.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-19 at 13.37.22.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Жол тар көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоону аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ананьев көчөсүнөн Васильев көчөсүнө чейинки жол тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Анын алкагында негизди даярдоо жана ысык асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аткарылды. Өткөн дем алыш күндөрү жаңы асфальт төшөлдү.

Транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана жашоочулардын коопсуз жүрүүсүн камсыздоо максатында иштер пландуу тартипте жүргүзүлдү.