Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Борбор калаанын борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы орнотула баштады.
Быйыл майрамдык балаты Манастын эстелигинин жанына орнотулат. Учурда адистер балатынын каркастарын чогултуп, айланасын жасалгалоого даярдап жатышат.
Жыл сайын башкы балатыны орнотуу салттуу түрдө Бишкекте Жаңы жылды майрамдоого даярдыктын башталышын билдирет.