Борбор Азия жана Азербайжан: Президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту

Президент 31 июль 2026 16:15
760654675_28023544250574602_6812440057291052952_n.jpg
762868559_1559696759180981_4729821061973414309_n.jpg
760610617_1602042431535664_3091594406882722361_n.jpg
760033747_1068854648901576_3411363898050217931_n.jpg
762372239_1213052637629399_2502092088061380936_n.jpg
Алдыга
Артка
760654675_28023544250574602_6812440057291052952_n.jpg
762868559_1559696759180981_4729821061973414309_n.jpg
760610617_1602042431535664_3091594406882722361_n.jpg
760033747_1068854648901576_3411363898050217931_n.jpg
762372239_1213052637629399_2502092088061380936_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 31-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өттү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышты.

Президент Садыр Жапаров жолугушууну ачып жатып, акыркы жылдары мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашууларга жетишилгенине жана өз ара ишенимдин чыңдалышынын аркасында аймактык кызматташтык сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкканына токтолду.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн аймактагы өлкөлөрдүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Борбор Азиянын орток кызыкчылыктарын эл аралык аренада ырааттуу илгерилетүү ниетин баса белгиледи.

Президент транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана энергетикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун стратегиялык маанисин, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.

Садыр Жапаров ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыктын зор мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ал Кыргызстандын Борбор Азия мамлекеттерине келген чет өлкөлүк жарандар үчүн бирдиктүү туристтик визаны киргизүү демилгесин белгилеп, бул багытта макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти Түркмөнстандын Консультативдик жолугушуулар форматындагы төрагалыгына жогору баа берип, 2026-жылдын 8-октябрында Аваза шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын сегизинчи Консультативдик жолугушуусун ийгиликтүү өткөрүү үчүн кыргыз тарап аракеттешүүгө даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчылары кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурушуп, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Сөз сүйлөө аяктаган соң президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.

Бейформал Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, президент Садыр Жапаров кол коюлган декларация Борбор Азия мамлекеттери менен Азербайжандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди, алардын тынчтык, ынак коңшулук жана туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендигин, ошондой эле аймактык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө болгон умтулууларын чагылдырарын айтты.