BOMCA 10: Евробиримдик чек ара аймактарындагы аялдарды колдоого 900 миң евро бөлдү

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 05 Сентябрь 2025 17:05
WhatsApp Image 2025-09-05 at 17.01.40.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 5.09.25 /Кабар/. Бейөкмөт уюмдар - чек арадагы жашоону жакшыртууну көздөгөн жергиликтүү коомчулуктардын бири болгондуктан, алардын долбоорлоруна Евробиримдик 900 миң евро бөлдү. Бул тууралуу бүгүн Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча Эл аралык борбордун өкүлү Виолета Вагнер Бишкек шаарында өткөн BOMCA10: Евробиримдик чек ара аймактарындагы аялдарды колдоого 900 миң евро бөлдү 10 программасынын жыйынтыктарын чыгаруу жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле программа тарабынан каржыланган долбоорлор калктын аялуу катмарына кирген, борбордо эмес, алыскы аймактарда жашаган аял кишилерди колдоого багытталганын белгиледи.

“Чек арага жакын жайгашкан аймактарда аялдарга байланышкан 20дай программалар ишке ашырылды. Конкурстун негизинде эң мыкты долбоорлор тандалып алынып, каржылык колдоого алынды. Андан сырткары аларга бизнес тренинг, коучинг, каржылык сабаттуулук сыяктуу окутуулар уюштурулду. Мисалы, тигүүчү же кулинардык цех ачам дегендерине керектүү жабдууларды алып берип жаттык. Мунун баары программага кирген беш өлкөнүн аялдарына тиешелүү болду”-деп билдирди ал.

Вагнер ошондой эле “Атап айтканда, биз адамдарга даяр балыкты эмес, ошол балыкты кармай турган кайырмакты бердик. Анын жардамы менен алар андан ары өз алдынча иштеп, өздөрү үчүн да, аймактардагы шарттарды жакшыртуу үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү түзө алышат”-деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, BOMCA (Border Management Programme in Central Asia) — Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ишке ашырып келе жаткан программасы болуп саналат. Ал 2003-жылдан бери ар кандай этаптар менен жүргүзүлүп келет. Азыркы онунчу фазада программа чек ара кызматтарын институционалдык жактан өнүктүрүү, мыйзам бузуу фактыларын аныктоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, мыйзамдуу соодага көмөктөшүү жана чек арага жакын жашаган калктын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн трансчек аралык кызматташууну чыңдоого багытталган. Бул багыттар боюнча жетишилген жыйынтыктар маалымат жыйынында сунушталды.